Эл өкүлү акыркы учурда мамлекеттик сыйлыктар көп берилип жатканын айтты

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жатат.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Бакиров эгерде аталган мыйзам долбоору ишке ашып калса мамлекеттик ишмер маркум Султан Ибраимовго жана Төрөбай Кулатовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүүнү сунуштап жатат.

Депутат Зиядин Жамалдинов акыркы учурда мамлекеттик сыйлыктар көп берилип жатканын билдирди.

Мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча президенттин алдындагы комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева мурдагы президенттерге караганда азыркы өлкө башчы сыйлыктарды берүүнү азайтканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан