Бишкекте төрт Вьетнам жараны кулчулукта жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 20-февралда "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев билдирди. Көчөрбаевдин айтымында, алар эки жылдан бери эски автобекет тарапта жайгашкан тигүү цехинде иштеп келишкен. Тигүү цехи Вьетнам жаранына таандык болгон.
"Бүгүн Вьетнам жаранынын тигүү цехтерине барып текшерүү жүргүздүк. Ал учурда төрт вьетнамдык кулчулукта жүргөнү белгилүү болду. Алар эки жыл мурун цехтин ээси тарабынан алып келинип иштеп жатышкан экен. Бирок ошол учурдан бери бекер иштетип жүрүптүр. Курсактары да ачка экен. Азыр биздин бирикменин балдары кайра барып тамак-аш жактан жардам берели деп жатабыз", - деди Көчөрбаев.