Бишкекте 16 жаштагы изделип жаткан Алтынай Болот кызы табылды. Бул тууралуу кыздын апасы Назгүл Тилекова кабарлады.
Анын айтымында, кызы Жал кичи районунан табылган.
"Кызымды өзүнөн улуу үч кыз унаага салып алып кетишкен экен. Бирок эмне себептен экенин азыр тактап сурай элекмин. Болгону табылганына сүйүнүп жатам", - деди ал.
Буга чейин окуучу кыз кечээ, 19-февралда сабактан чыккандан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган.