"Мамлекеттик сыйлыктар менен наамдар чынында маданиятты, илимди көтөргөндөргө эмес, жетекчилерине жаккандарга берилип жатат". Мындай пикирин депутат Садык Шер-Нияз бүгүн, 20-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.
Президенттин алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева ошол учурдагы президент чыгарган буйрукка түшүндүрмө бере албастыгын айтып, келип түшкөн документтерди комиссия иликтеп, андан соң президентке сунушталарын билдирди.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Мирлан Бакиров.