Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.
Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал өкмөттүн алсыздыгы, Жогорку Кеңештин жоопкерчиликсиздиги, президенттин пайдасыздыгы сабатсыздыкка келип такалат деген пикирин айтты.
“Өкмөттүн алсыз экени башынан эле белгилүү. Себеби ал жерде кесипкөй инсандар жок. Бүт бардык партиялар фракциябыз деп министрликтерди устукандап бөлүп алышкан. Кесипкөй адистер партиялардын мүчөсү болбогону үчүн өкмөткө кире алышпайт. Алар сабатсыз, эч нерсени түшүнбөгөн киши болсо да биздин партиядан ушул киши барсын деп өкмөттүн курамын курашат. Өздөрү деле билип турушат. Экинчи себеби, премьер-министрликке президент сунуштап жатканда өзүнөн да чабал, сабатсыз киши келишин каалайт. Президенттен күчтүүрөөк кишини премьерликке көрсөтүшпөйт. Президенттин оозунан эмне деген сөз чыкса “куп таксыр” деп колун көкүрөккө алып турган жүгүрүктөр керек. Жогорку Кеңеште сабаттуулук аябай аксайт. Мына кодекстерге өзгөртүү киргизип алып ашмалтайы чыкпадыбы? Иштей албаган өкмөттү бир атанын балдары болуп ынтымакташып 5 жылда 5 өкмөттү алмаштырып жатышпайбы? Принциби жок. Анан мурунку президент колу-бутубузду бурап эле макулдугубузду алып жатты деп актанып жатышат. Ошондой кылса эле макул боло берген сен кимсиң! Колу-бутун бурап 9-кабаттан секир десе секиреби? Баарынын башында сабатсыздык турат. Президент президенттик кызматка кичинесинен даярданган эмес. Кокустан чочугандай болуп келип калган кишилердин кесепетинен өкмөт жабыр тартат. Өзү “президент эмес, өкмөт башчы болуу түшүмө дагы кирген эмес” деген. Демек, түшүнө да кирбесе ишти кантип алып кетишти ойлонгон эмес. Даярдыгы бар, колунан келе турган, ишмер инсандар келмейинче эч бир тармакта өнүгүү болбойт”, - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.