Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.
Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна саясий серепчи Сапар Орозбаков жооп берди.
Ал өлкөдө эки жолу революция болгону менен, систем өзгөрбөгөнүн айтты.
"Мен да ошол ойдомун. Атүгүл ушундай болорун Сооронбай Жээнбеков бийликке келип, алгачкы кадам жасаганда эле айткам. Кыргыздын 30 жыл көз карандысыз тарыхын карап көрсөңүз, кыргызга анын президентинен ашкан зыянкеч душман болгон эмес. Мен Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевди айтып жатам. Эки жолу революция болгону менен, систем өзгөргөн жок. Баягы эле президенттин үстөмдүгү.
Жаңы Конституциянын "атасы" Өмүрбек Текебаев парламенттик башкарууга өттүк дегени төгүн экенин Атамбаев өзүн камап салганда көрдүк. Мен Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоодогу күрөшүндө Жээнбековду колдогон элем. Тилекке каршы, ал мурдагы эле президенттердин, тагыраак айтканда, ошол эле Атамбаевдин жолуна түшүп алды. Ошолордой эле бардык бийликти өз колуна топтоп алды. Атамбаев канчалык жаман болсо да, экономиканы көтөрүүгө аракет жасады. Бул үчүн ал өзүнүн элдешкис душмандарын да кызматка койду, мисалы, Темир Сариев. Ал эми Жээнбеков болсо башынан эле бийликти кантип сактап калам деген ой менен алек. Бир дагы иш кылып көрбөгөн Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башчы кылды. Бакиев сыяктуу мерчемдүү кызматтарга өз тааныштарын, урук-туугандарын жана жердештерин коюп жатат. Аны туурап Абылгазиев да ошентип жатат. Бийликтин бутактарына эркин атаандашуунун негизинде билимдүү, иш билги адамдар келмейинче эч өзгөрүү болбойт. Мен Атамбаев президент болгондо макала жазып Атамбаев Бакиевден ашкан ажыдаар болот деп айткам, акыры ошондой эле болбодубу. Муну айтып жатканым - Жээнбековдун тагдыры деле ошолордукундай болот, бул жакшылык менен бүтпөйт", - дейт Орозбаков.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.