Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.
Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жооп берди.
Ал бүгүнкү күндө парламент өз алдынча саясий чечимдерди кабыл ала албай калды деген пикирде.
"Баарыбыз коомчулуктун сын-пикирин угуп түздөнүшүбүз керек. Конституция боюнча бийлик элге таандык. Ошондуктан биз элдин атынан шайлансак, аларга жага тургандай мыйзамдарды кабыл алуу зарыл. Эгерде алар бизге нааразы болсо, демек, начар иштеп жатабыз. Коомчулук Жогорку Кеңешке пайдасыз, ылдый баш, өз алдынча чечим кабыл ала албайт деген сындарды айтып жатат. Бул коомчулуктун баасы, бул боюнча эч нерсе айта албайбыз. Азыркы чакырылышка көп сын-пикирлер түшүүдө. Ар бир партия, талапкер элге берген убадасын аткарганга аракет кылышы керек. Мен элдин Жогорку Кеңеш тууралуу айткан сын-пикирлерине кошулам. Бүгүнкү күндө парламент өз алдынча саясий чечимдерди кабыл ала албай калды", - дейт Бокоев.
Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.