Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: "Кыргыз эли бири-бирин кемсинткен, каралаган маданиятсыздыкты саясаттын куралы кылып алышты"

Акыркы кезде Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт өкүлдөрүн катуу сынга алып, аткарган иштеринде кемчиликтер көп экенин айтууда. Ошол эле кезде мындай пикир коомчулук тарабынан да айтылып, ал тургай "түкүрүк өкмөт" деген кепке калды. Ал эми өкмөттүн түзүлүшүнө ошол эле Жогорку Кеңеш өзү жоопкерчиликтүү экенин эске алгандар парламентти "жоопкерчиликсиз" дешет.

Мындан тышкары мамлекетти башкарууга келгенине 1 жылдан ашса да натыйжалуу иш көрсөтө албайт деген сын-пикирлер президенттин дарегине да айтылып турат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Коомчулукта "Өкмөт алсыз", "Жогорку Кеңеш жоопкерчиликсиз", "Президент пайдасыз" деген пикирлер көп айтылууда. Мындай пикирлерге кандай карайсыз?" деген соболуна саясий ишмер Темирбек Асанбеков жооп берди.

Ал биринчи ар бир адам өзүн өзгөртүүгө, жоопкерчиликтүү болууга аракет кылса жакшы болмок деген оюн айтты.

“Кыргыз өлкөсүндө көпчүлүк бийлик бутактарындагы жарандардын адамдык сапаттарына тийишип, сындап, кемчиликтерин жарыялоону жакшы көрүшөт. Кыргыз эли бири-бирин кемсинткен, каралаган, эч бир илимий далилдөөсү жок өтө төмөн маданиятсыздыкты саясаттын куралы кылып алышты. Бул багытта саясий упай чогулткан адамдар Кыргыз өлкөсүнө тынчтык алып келип, өнүгүү шартын түптөй алышпайт. Ошондуктан алгач ар кимибиз өзүбүздү өзгөрүүгө, өзүбүз жоопкерчиликтүү болууга аракет кылсак жакшы болот эле. Ал маселелер баарыбызга эле белгилүү. Азыркы күнү биздин коомго көп жылдан бери чогулган саясий-экономикалык иштерди туура багытта өнүктүрүп кетүү илимий сунуштардын жоктугу -мамлекетибиздин келечеги үчүн чоң коркунуч”, - дейт Асанбеков.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Кенжебек Бокоев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов, саясий серепчилер Сапар Орозбаков, Нурсултан Акылбек, Марат Казакбаев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун бул тууралуу пикирлери бул топтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан