19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка ташып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Мындай маалыматты Казакстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү журналисттер үчүн өткөргөн жыйында билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, Кыргыз жеринен дагы алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салынды. Ошондой эле Өзбекстандын аймагынан да анардын ташылып кирүүсүнө чектөө коюлган.
Мындай тыюу салуу картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, анар, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгон.
"2018-жылы жана акыркы эки айда Казакстанга Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан ташылып келип жаткан жүктөрдү текшерүүдө 465 фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. Анын ичинен 59 учурда курттаган азыктар киргизилгени белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.