Парламент аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгарууга багытталган мыйзамын кабыл алды

Кечээ, 20-февралда Жогорку Кеңеште аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгарууга багытталган мыйзамын кабыл алды.

"Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргыз мамлекетинде аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат. Мыйзам долбоордун демилгечиси - депутат Гүлшат Асылбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан