Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө мекеменин 2018-жылкы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жакынкы мезгилге карай артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-эксперттик ишмердүүлүк өлкөнүн укук коргоо жана сот тутумунун ажырагыс бөлүгү катары саналат. Буга байланыштуу вице-премьер-министр экспертиза биринчи кезекте көз карандысыз жана мекеменин ар кыл кызыкчылыгынан эркин болуусу керектигин айтты.
Ал "Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын иш алып баргандыгына аз убакыт өтсө да, анын ишинде экспертизалардын айрым түрлөрүн өткөрүү мөөнөтүнүн создуктурулушуна байланыштуу айрым көйгөйлөр бар", - дейт.
Коллегиялык жыйындын соңунда вице-премьер-министр кызматтын ишмердигин өркүндөтүү, анын ичинде соттук-эксперттик ишмердикти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.