"Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасы учурда иштебей турат. Иштетүү боюнча чечим кабыл албаса имарат өзүнөн өзү урап жок болуп кетиши мүмкүн".
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улан Примов билдирди.
"Бишкектеги Ысык-Көл мейманканасы тууралуу мага маалымат келди. Анда имарат колдон колго өтүп банкрот болгону айтылат. Элге пайда келтире турган имарат азыр жөн эле турат. Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен мейманкана тарыхый жана маданий имарат катары тизмеге кирген экен. Ага ылайык инвесторлор 5 жылга гана иштетүүгө ала алышат. Бишкек шаардык кеңешине жогорудагы тизмеден чыгарууну сурайт элем. Аталган мейманкана иштеп калса кошумча иш орундары түзүлүп, социалдык төлөмдөр, салык түшөт. Мамлекетибизге жардам болот эле. Болбосо өзүнөн өзү урап жок болот. Же ортодо шылуундар чыгышы мүмкүн", - деди ал.