Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн азык-түлүк продукциясын ташып кирүүгө тыюу салганы боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады.
"Маалымат каражаттарында Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн азык-түлүк продукциясын ташып кирүүгө тыюу салганы боюнча кабарлар чыгып жатат. Бул биздин 70 пайыз дыйкандардын чоң көйгөйү. Көптөгөн дыйкандар насыя алып, картошка өндүрүп келген. Алар азык-түлүк продукцияларын Казакстанга сатып оокат кылып келишкен. Эми айыл чарба продукцияларына болгон баа төмөндөйт. Тыюу салуу убагында Казакстанга суу бербей койгон үчүн болуп жатат деген такталбаган маалыматтар бар. Фитосанитардык талаптарга жооп бербейт деген бул шылтоо. Миңдеген дыйкандар картошканын баасы түшүп кетип, белчесинен карызга батып нааразы болушу мүмкүн. Бул маселе боюнча кандай иштер жүрүп жатат?" - деп сурады депутат.
Экономика министри Олег Панкратов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандагы кесиптештери менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын айтты.