Байпак, ич кийим, сакал алуу үчүн көбүк... Мырзалар кандай белектерден тажады?

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын майрамына аз күн калды. "Пикоди.ком" компаниясы бул майрамда өлкөдө мырзаларга кандай белектер көп берилерин, алардын кайсылары майрам ээлерин кубантарын жана кайсы белектер тажатма экендигин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого 3 миң 500 адам катышып төмөнкүдөй жооптор алынган.

1-суроо. 23-февраль кимдердин майрамы?

Жалпы мырзалардын майрамы деп жооп бергендер - 59 пайыз;

Аскер кызматкерлеринин майрамы - 33 пайыз;

Майрам эмес - 8 пайыз.

2. Айымдар мырзаларга көбүнчө кандай белектерди беришет?

Жумушта: сувенир, открытка, кружка, косметикалык топтом, парфюм. Жумуштагылар кесиптештерине белек берүү үчүн орто эсеп менен 576 сом сарпташат.

Жакындары: кийим, байпак, ич кийим, открытка, парфюм. Жакындары майрам ээсине белекке орто эсеп менен 794 сом жумшайт.

3. Ал эми мырзалар өздөрү эмнени каалайт?

Компьютер үчүн гаджеттерди - 40 пайызы;

Кийим - 32 пайызы;

Акча - 23 пайызы;

Эч нерсени - 22 пайызы;

Открытка - 21 пайызы.

4. Мырзаларды тажаткан белектер:

Байпак - 52 пайызы;

Алкоголдук ичимдиктер - 38 пайыз;

Открытка - 30 пайызы,

Сакал алуу үчүн көбүк - 24 пайызы;

Ич кийим - 23 пайызы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suban78
2019-02-21 16:56:00
Байпактан тажадым, быйыл футболка же тапичке дегем, коробуз да эми. Эсинен чыкпагандыр
+2
tyrgon
2019-02-21 17:57:43
Байпакты озум деле сатып алам башка ойго келбеген белек беришпейби мисалы: телефон рюкзак оружия велосипед же летний донголок. Кымбат туфак э
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан