Бишкекте сабагына шашып бараткан окуучулар Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырганда колун көкүрөгүнө алып басып бараткан жеринде туруп калышты. Мектеп окуучуларынын гимнге кылган мамилесин Асан Гайыпов аттуу интернет колдонуучу тартып калган.
Анын SUPER.KG'ге билдиришинче, видео бүгүн, 21-февраль күнү эртең мененки саат 7:30 чамаларында Бишкектин Свердлов районундагы гуманитардык-укуктук №4-гимназиясында тартылган.
Гайыпов 3-класста окуган уулун мектепке бир мүнөткө кечигип алып кирип баратканда жогорудагы көрүнүшкө туш болгон.
"Уулум Илимбек 3-класста окуйт. Бүгүн жол тыгындан улам бир мүнөткө кечигип алып бардым эле. Мектеп имаратына киргенде гимн жаңырып калды. Окуучулардын баары басып бараткан жеринде колун көкүрөгүнө алып токтоп туруп калышты. Мени бул көрүнүш аябай кубандырды. Чыдабай кетип видеого тартып калгым келди. Гимн ырдалып бүткөндөн кийин гана окуу класстарына кирип кетишти. Бир мүнөткө кечикпесем мүмкүн таптакыр эле бул көрүнүштү байкабай калмак экенмин. Окуучулардын бул аракети менин мекенчилдик сезимимди күчөттү", - деди Гайыпов.