Бишкекте 6-кабаттан секирген кыздын өмүрүнө кол салгандыгынын себеби айтылды

Кечээ, 20-февралда саат 14:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан 18 жаштагы кыз өмүрүн кыюуга аракет кылып, боюн таштаган. Аны милиция кызматкерлери килем менен тосуп аман алып калышкан. Кыз куткаруучулардын жана ылдый жактагы адамдардын суранычына көңүл бурган эмес. Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргенине караганда, кыз өзү секирген үйдө бала багуучу болуп иштечү.

"Кыздын ата-энеси Орусияда иштешет. Окуя болгон күнү кыз иштеген үйдөн уруш чыккан. Себеби кыздын буюмдарынын арасынан үй ээлерине таандык буюм чыгып калган. Мындан улам ал өмүрүн кыюуга аракет кылган. ӨКМнын кызматкерлери кыз бекитип алган эшикти ачып киришкенде ал секирип кеткен", - деп билдирет өздүк булак.

21-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова кыз эсине келип, бирок абалы оор болуп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tyrgon
2019-02-21 17:48:34
Ай жаман окуя болуптур
0
admin_superstan
2019-02-21 19:42:25
aza84, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүү өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан