Ош облусунун Өзгөн районунда 18 жаштагы жигит асынып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, маркум 8-февраль күнү өз үйүндө асынып алган. Ал эгиздердин түгөйү болгон. Каза болгон жарандын жакындарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн буга чейин 2006-2007-жылдары 1997-жылы жана 1995-жылы туулган балдары да асынып каза болгон. Маркум Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейде 2-курста окуп жаткан.
"Алдын ала маалыматтар боюнча эгиздин түгөйү каза болгонго чейин өзү окуп жаткан окуу жайдагы баладан күч колдонуп 700 сом тартып алган. Ал агаларын чакырып, акчасын кайтарып алып, экөө элдешкен. Учурда бул окуянын канчалык тиешеси бар экени боюнча иликтөө иштерин Өзгөн РИИБи иликтеп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.