ЭЛДИК ВИДЕО: "Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кеткен электрикти эл тилдеди"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кеткен электрикти эл тилдеди" деген видео жүктөлдү.

Буга чейин маалымдалгандай, ал үйдүн кожойкеси жана кызы каза болуп калган. Мындан тышкары 2 баласы оор абалда ооруканага жаткырылган. Үй-бүлөнүн электр энергиясы үчүн 2 миң 483 сом карызы болгондуктан кырсыктан бир күн мурун "Түндүк электр" ишканасы тарабынан үйдөгү электр жарыгы өчүрүлгөн. Алар түнкүсүн жылынуу үчүн чакага от жагууга аргасыз болуп, түнү иске ууланып калышкан.

Видеодо эл топтолуп "Сен аял экенсиң, кантип балдардын суранычына карабай өчүрүп кеттиң, үйдүн кожойкеси ооруканада жатканын, келгенде карызын төлөй турганын түшүндүргөнүнө карабай электр өткөргүчтөрүн үзүп кетиптирсиң", - деп аялды тилдешкен. Ал эми ал: "Мен мындай болуп кетерин билген эмесмин, бизден да ошондой мамиле кылууну талап кылышат", - деп жооп берет. Топтолгон эл болуп өткөн окуяга кейип, "Түндүк электр" ишканасынын бул аракети адамдын өмүрүнүн кыйылуусуна алып келди деп сыпатташат.

Бул видео интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, түрдүү пикирлер жазылууда. Арасында: "Ал бир жөнөкөй кызматкер, коюлган талаптарды аткарып иштеди. Кышкысын электр энергиясы өчүрүлбөйт деген эреженин жоктугу кызык, кептин баары системде жатпайбы", - деп жазгандар да бар.

Таласта иске ууланган үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кеткен электрикти эл тилдеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anaraalieva
2019-02-22 11:44:15
Байкуш электрик!.... ал деле озунун жумушун жасадыда. Аны тилдегенден коро окмотту тилдегиле!.
+6
asefsa
2019-02-22 12:05:09
Ошо электрик дагы алы жеткен бей бечарага барат,колунда кичине кызматы, бийлиги барлардыкын кыркмак тугул уйуно киреда албайт коруп эле журобузго!
+9
Дарыгер
2019-02-22 12:36:58
Ошол тилдеген. Жардам берип ппчка курушуп койбойт беле. Электрик туура кылган
0
Aytur
2019-02-22 14:48:57
Кошуналар кыйын болсо бир кун уйуно жаткырып турбайт беле. Алла алчу пендесин кандай себеп болбосун алып кетет. Ичер суубуз тугонгон болсо биз да кайсы куну болбосун сактап калам деген кундода кете беребиз. Андыктан бироону куноолоп кереги жок. Ал озунун жумушун аткарды.
0
Aikaaaa
2019-02-22 15:37:02
Контролёрлор деле өңгө карап мамиле кылышат. Бай болсоң калп күлүп, жагалданып, түшүнүктүү болушуп, айланып өтүшөт. Колуңда жокпу, эч нерсеңди угуп да коюшпайт, түшүнгүлөрү да келишпейт. Андайларды көрүп жүрбөйбүзбү
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан