Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн картошка, алма, курманы ташып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Депутат министрге: "Кудай буюрса, чечилет дебей аракет кылгыла"

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын отуруму өтүүдө. Отурумдун жүрүшүндө мындан 3 күн мурун Казакстан Кыргыз жеринен картошка, курма жана алманы ташып кирүүгө убактылуу тыюу салганы боюнча талкуу болууда.

"Бул маселе боюнча эртең менен чогулуш болду. Өкмөт тарабынан 1-2 тапшырма берилди, жакынкы убакыт аралыгында бул маселе чечилет. Анын жыйынтыгы боюнча маалымат беребиз", - деди айыл чарба министри Нурбек Мурашев.

Буга депутат Руслан Казакбаев: "Чечилет дейли, бирок Кудай буюрса деп отура бербейли. Аракетке берекет дейт, аракет кылгыла", - деди.

Отурумда айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салуу жана 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан