"Алмазбек Атамбаев Кыргыз мамлекетинин тарыхында бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берген биринчи президент", - деди бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйынында депутат Ирина Карамушкина. Жыйын Бишкектеги "Медиа-форум" имаратында өтүп, анын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышты.
Карамушкина журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын артында ким турганы баарына маалым. Атамбаев үй-бүлөлүк башкарууга каршы турган президент болду. Муну ал иш жүзүндө көрсөттү. Мындан кийинки президенттердин мөөнөтү бүткөндө кандай жол менен бийликти өткөрүп берери азырынча белгисиз", - деди Карамушкина.
Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пикир келишпестиги тууралуу да сөз козголуп, ага КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жооп берди.
"Эки адамдын пикир келишпестиги партияны бөлүп-жарууга алып келди", - деди Жолдубаева. Мындан тышкары Атамбаевдин 2020-жылы парламенттик шайлоого катышары белгилүү болуп, ал партиянын сап башында турары, ошондой эле партия жаңы жүздөр менен толукталары айтылды.
Журналисттер тарабынан КСДПнын курамы суюлуп бара жатканы тууралуу да айтылып, "келечекте башка партиялар менен биригүү планы барбы?" деген суроо берилип, буга Асел Кодуранова "ал азырынча белгисиз" деген жообун узатты.
Өз кезинде Карамушкина партияда кандай абал болсо да андан кетпей тургандыгын, оюн өзгөртүп тургандардын катарына кирбестигин белгиледи.