Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат укту.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев быйыл өлкө аймагында 774 миң гектар аянт жерге айдоо-себүү иштери жүргүзүлө турганын билдирди.
"Айдоо иштери Ош облусунда башталып, Араван районунда миң гектардай жерде айдоо иштери бүттү. Дыйкан фермерлерге керектүү көлөмдөгү күйүүчү майлар менен камсыздоо да каралган. Ошондой эле быйыл дыйкандарды 82 пайыз сапаттуу үрөн менен камсыздоо да пландалган. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшы.
Мындан сырткары, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен гранттык насыялар берилет. Күйүүчү майлар боюнча да даярдыктар жакшы. Жазгы талаа иштеринде көйгөй жаралбайт", - деди министр.