Депутат: "Казакстан менен суу маселесине байланыштуу талаш-тартыш 20 жылдан бери болуп келет"

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат угууда. Отурумда Казакстан Кыргыз өлкөсүнөн картошка, алма жана курманы киргизүүгө убактылуу тыюу салганы боюнча көп суроолор берилди.

“Буга чейин министр Казакстан аларга берилген сууга видео көзөмөл коюуга каршылык айткандан кийин картошка, алма жана курма алып кирүүгө тыюу салынгандыгы айтылды. Негизи суу маселесине байланыштуу бул талаш-тартыш 20 жылдан бери болуп келүүдө. Автоматташтырылган систем коюуга эмнеге каршы болуп жатасыздар?" - деди депутат Руслан Казакбаев.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев: "Ар жылы ар кандай болуп калат. Бир жылы суу көп болсо, кийинки жылы суу аз болуп калышы мүмкүн. Мисалы, былтыр суу азайгандыгына байланыштуу өзүбүздө суу болсо дагы айдоо жерлерин сугарууда көйгөйлөр жаралып, өзүбүздүн дыйкандарга суу жетпей калган учурлар да болгон", - деди Мурашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан