Мындан 38 жыл мурун, 1981-жылы Күрп-Сай ГЭСи колдонууга берилген. Анын долбоору Токтогул ГЭСи толугу менен иштеп баштагандан кийин эле башталган.
Бул долбоор Токтогул ГЭСинин долбоорун иштеп чыккан "Гидродолбоор" институту тарабынан даярдалган. Куруучулар бул ГЭС түшө турган аймактагы Нарын дарыясынын агымы өтө жакшы болгондуктан да Күрп-Сайдын да энергия иштеп чыгуусуна толук шарттар бар экендигин ошондо эле байкашкан. ГЭС Токтогул ГЭСинен бир аз ылдый жайгашкан. Долбоордун күчү 800 МВт. деп эсептелген. Суу сактагычынын сыйымдуулугу 370 миллион куб метр. Суунун үстүнүн аянты 12 чарчы чакырым. ГЭСтин таш бетондон салынган тосмосунун бийиктиги 113 метр. Сейсмикалык туруктуулугу 9 балл.
22-февралга карата жылнаама.