Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна сквер куруу пландалып жатканы айтылды

Күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна сквер куруу пландалып жатканы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Рыспек Сарпашев билдирди.

Депутат Наталья Никитенко ал жерге сквер курулушу мүмкүн эместигин айтты. "Ал жер кичинекей болгондуктан сквер куруу мүмкүн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынып жатканы белгисиз жана түшүнүксүз", - дейт Никитенко.

Аталган имарат Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөлүп, ичиндеги документтер кошо күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek56
2019-02-22 14:11:57
эй жиндилер ошол жерге инвалидтерге уй салып бергиле кайактагы сквер ойлонуп иш кылгылачы
+3
Kyrgyz_bloger
2019-02-22 14:30:52
Бир имарат 9 жылдан бери ондолбой жатат дуйнолук рекорд
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан