SUPER TV: Жан дүйнө. "Мен үчүн сойкуга айланган таежемди сүйөм"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

"Ал кезде студент болчумун. Сту­дент­тин башкы маселеси эле ылайыктуу турак таап жашоо эмеспи. Сабагыма тоскоол болот деп ойлодумбу, туугандарымдын үйүнө жүргүм келген жок. Элчилеп жатаканага да кө­нө албай койдум. Ошентип, ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, батирге чыкмай болдум.

Батир издеп Ахунбаев көчөсүн­дө кетип ба­ра жатсам, аркамдан "Мирлан!" де­ген кимдир бирөөнүн үнү угулду.
Токтоп, артыма карасам, мени жылмая тиктеп таежем Асел турган экен. Көптөн бери кө­рө элек болчумун. Жалгызсырап жүргөнүм­­дөн­бү, эң жакын адамымды көргөндөй сүйү­нүп кеттим.

– "Сен кайдан?" деди ал шыңк күлүп.

– Окуудан эле. Өзүң кандайсың?

Туугандарча аркы-беркини сүйлөшүп турдук. Асел менин апамдын бир тууган байкесинин кызы эле. Кичинебизден эле экөөбүз бири-бирибиз менен жакшы тил табышчубуз.

Мен күндө сабакка, ал жумушуна кетет. Анан кечин­де келип экөөбүз бирге тамак жасайбыз. Ал жи­­гит­тери жөнүндө, мен кыздарым жөнүндө ай­тып, сырдашып көпкө отурабыз. Балким, эр­кектердин табияты ушундайбы, билбейм. Айтор, кийинки кездери Аселге өтө көнүп алдым. Албетте, ал кезде оюма эч нерсе келген эмес. Тууган катары гана мамиле кылчумун. Бирок кийинки кездерде ал жок болсо үйгө киргим кел­бей, жумушунан кечиксе кадимкидей жиним келип баштачу болду..."

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.

Жан дүйнө. "Мен үчүн сойкуга айланган таежемди сүйөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibars
2019-02-23 13:01:16
Эми ушундай нерселерди чыгарбай эле койбойсунарбы? Алакандай элибиздин ан сезимине булук мушкул салбай. Ушунун кандай тарбиялык мааниси бар? Сойку болуп кеткенин суйунуч менен айтуунун.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан