Жарандык активист Адил Турдукулов: "Бийлик тараптан эл күткөн аракеттер жасалбаса оппозициялык партиялардын парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүгү болот"

Коммерциялык эмес IRI уюмунун 2018-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында, КСДПга болгон элдин ишеними төмөндөп кеткени белгилүү болду. Тактап айтканда, сурамжылоого катышкандардын 18 пайызы КСДПны колдой турганын билдирген. Ушул эле уюмдун мындан 4 жыл мурун жүргүзгөн иликтөөсүндө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын жыйыны өтүп, партия мурдагыдай таасирдүү болбой, анын катары суюлуп жаткандыгы боюнча сөз козголду. Буга партия өкүлдөрү кезинде өз кызыкчылыгын көздөп партияга киргендер эми артын салып кетишкенин айтышты. Жыйындын башталышына Алмазбек Атамбаев да катышып, өз сөзүндө "эң кыйын кездерде да партия күчүн сактап кала алат" деп айтты.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо КСДП мурдагыдай лидерлик позициясын сактай алабы?" деген собол салды.

Суроого жарандык активист Адил Турдукулов жооп берип, эл күткөн аракеттер жасалса бийликчил партиялардын парламенттик шайлоодо жеңишке жеткенге мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болорун белгиледи.
“Менин оюмча, бул жерде бийликтин жасаган саясатына байланыштуу болот. Эгерде азыркы бийликтин экономикалык тармактарда орчундуу секириги болсо, сот реформасы башталса, парламентаризмди орнотуу күч алса, сөз эркиндигине басым болбосо, тышкы саясат туруктуу жүрсө анда көбүнесе бийликчил жана бийликтин алдында иштеген партиялардын шайлоодо жеңишке жеткенге мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Өзгөрүү болбой, реформалар жасалбаса, эл күткөн аракеттер болбосо анда оппозициялык партиялардын, анын ичинен КСДПнын парламентке өтүүгө жолдору жана мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтканы туура, буга чейин көбүнесе бийликке жагынгандар КСДПга кирүүгө аракеттенсе, эми ошол социалдык, демократиялык кандайдыр бир идеялары, оппозициялык көз карашы бар адамдар партияга кошулуп, алар менен коалиция түзүүгө жолдор ачылат деген ойдомун. Менин оюмча, КСДПнын кийинки шайлоодо өтүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептейм”, - дейт Турдукулов.
Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, саясий серепчи Игорь Шестаков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев, жарандык активист Алга Кылычовдун пикирлерин бул топтомдон окуңуз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан