Депутат Мирлан Бакиров жайыт жерлеринен жер тилкесин бөлүү боюнча тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизүүнү демилгелөө керектигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 22-февралда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, таштанды үчүн жер тилкеси боюнча маселе Кыргыз мамлекетинин жалпы айыл өкмөттөрүнүн үчтөн экисинде көйгөй болуп турат.
Өкмөт өкүлдөрү жайыт жерлеринен жер тилкесин бөлүү боюнча тиешелүү мыйзамга түзөтүү киргизүүнү демилгелөөгө макул болушту.
Фракциянын жыйынында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун көйгөйлүү масалелери каралды.
Жыйынтыгында айтылган көйгөйлөрдүн чечилишинин мыйзамдык жагдайларын тактоо менен эл өкүлдөрү тарабынан берилген сунуштар эске алынмай болду. Өкмөткө бир катар тапшырмалар белгиленген чечим кабыл алынды.