Январь айында жергиликтүү бюджеттерге 173 миллион 915 миң 900 сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, каражат “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык бөлүндү. Анын ичинде теңдөөчү трансферттерди каржылоого 166 миллион 221 миң 200 сом, максаттуу трансферттерди каржылоого 7 миллион 694 миң 700 сом сарпталды. Максаттуу трансферттерди каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө жумшалды.