Саламаттыкты сактоо министри: "Өлкөдө жүрөккө операция жасаган хирургдар 15 миң сом айлык алат"

Өлкө аймагында жүрөккө операция жасаган хирургдар 15 миң сомдун айланасында айлык алат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Отурумда "Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору талкууланууда.

Саламаттыкты сактоо министри Бишкектеги Фучик көчөсүндө жаңы курулган Кыргыз-Түрк достук ооруканасы боюнча жалпы маалымат берип, ал жакта башкы дарыгер катары түрк жараны, ал эми анын орун басары болуп кыргыз дарыгер дайындала турганын билдирди.

"Жарандарыбызга жакшы медициналык камсыздоо көрсөтүүнү биздин максатыбыз деп айттыңыз. Менде суроо жаралды, мисалы, ооруканада дарыгерлердин күнөөсүнөн канча бейтап каза болот?" - деди депутат Сайдулла Нышанов.

Саламаттыкты сактоо министри: "Ал жерде жарандардын да күнөөсү бар. Ооба, дарыгерлердин айынан да каза болгон учурлар жок эмес", - деди.

Буга депутат: "Сизге санын айтуу кыйын болуп жатса мен айтайын. Өткөндө дарыгерлер менен сүйлөштүм. Дарыгерлердин айынан бейтаптардын 30 пайызы каза болот десем, дарыгерлер мага "жок, 40 пайызы" деп айтышты. Бул жаман көрсөткүч, бул медициналык окуу жайлардын окутуу деңгээлинин көрсөткүчү.

Жаңы курулган ооруканада түрк жарандары биздин айлыкка иштебейт, иштешсе да бир күн иштеши мүмкүн", - деди Сайдулла Нышанов.

"Албетте, ооруканада иштей турган түрк жарандары бул жактан өз мекенинде алган айлыкты алат. Андай болбосо алар келбей коюшу мүмкүн", - деди Космосбек Чолпонбаев.

"Жакында эле 62 жаштагы жаран экинчи жолу 96 миң сом төлөп, бирок операциядан чыкпай калды. Ошол акчаны жакындары кайтарып алса болобу?" - деп кошумча суроо берди депутат. Буга саламаттыкты сактоо министри "карап көрөлү" деп жооп кайтарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
almanbetperm
2019-02-25 13:04:30
15000 айлыгы шабашкасы 150 мин
+8
Ermekbai
2019-02-25 14:00:31
almanbetperm,ар бир операциясы 5000$ дан жогору
+8
Azat.97
2019-02-25 14:04:52
Космосбек урдура берет окшойсун.
+5
Umakg
2019-02-25 14:11:11
Коз,кулак,мурун,ооруп барсан текшерип коруп акча алыш керекпи же жок же кызмат акы алабы Ким билеты жообун айлык акыдан сырткары акча алабы Ким билеты....
0
Umakg
2019-02-25 14:12:31
Мен барып текшерип келсем дегем
0
Sahka
2019-02-25 15:59:03
Бул космосбек космостон келген го. Алар айлыгын унутуп деле калса керек. Козун ачып карасан космос кандай жашагандарын.
+5
erkinali858585
2019-02-25 17:43:07
### ушундай байкуш боло берет 15000сом деп, менин тайкем стаматолог айлыгым 3000 сом дейт сабашкасы кунуго 5000 кем эмес.
+4
Janna07
2019-02-25 18:27:03
Врачтар, сот, ГАИ лер Кыргызстанда коррупцияга белиден батып калган.
+2
Take_men
2019-02-26 14:12:50
Элдин кыжырын кайнатып 15 миңди эмне айтып атат. Билебиз баарыбыз эле операция канча сом экенин. 100 миңден 500 миңге чейин жасашат. Адам өлүп калса акчасын кайрып беришпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан