Бишкекте 4 эм төрөлдү

Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада 4 эм жарыкка келди. Маалыматты SUPER.KG'ге жаш эненин туугандарынын бири Алмагүл Кенжегул кызы билдирди. Белгилүү болгондой, эне 4 ымыркайды бүгүн, 25-февралда таңкы саат 5терде төрөгөн.

"Жаш эне Нурайым Рысмат кызы кесарево жолу менен төрөдү. Үй-бүлө 4 жылдан бери наристе күтүп келишкен. Жеңебиздин биринчи төрөтү, ал 1991-жылкы. Ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө эркек бала, алардын абалы жакшы. Учурда эне операциядан кийин өзүнө келе элек, жандандыруу бөлүмүндө. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлдү", - деп билдирди Алмагүл Кенжегул кызы.

Үй-бүлө Талас облусунан болот. Учурда Бишкек шаарында эмгектенип, батирде ижара төлөп жашашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Nargiza1987k
2019-02-25 14:04:24
Ошондо мурункусу да эгиздерби
+2
ainur78007
2019-02-25 14:20:15
Nargiza1987k,биринчи тороту деп жазылыптыр
+8
Fatimnazz
2019-02-25 14:13:54
МаашаАллах
+5
Shaa-82
2019-02-25 14:32:27
Мынаке сага торт жыл кутконунорго Аллахым тортоон бир мезгилде берип салыптырда. Омурлору узун болсун, ата-энесине куйумдуу, ыймандуу, бактылуу кыз, балдардан болуп чоноюшсун!
+13
Acord
2019-02-25 14:47:46
Жакшы жанылык
+4
Mamiev
2019-02-25 14:56:01
Өкмөт куру кол калтырбайт деп ойлойм. Эч болбосо акчалай белек берсе. А квартира берсе андан да жакшы. Бирок биздин өкмөт ушунчалык байкуш өкмөт элдин камын ойлобогон. А бобокторго ден соолук акыл эс ыйманы бекем болуп чоноюшсун
+6
Paprikafm
2019-02-25 17:06:05
Mamiev,эч кандай акчалай белек эмес, дароо квартира бериши керек, биз унута элекпиз, 4.5 жыл алдың, 4 эм төрөгөн үй бүлөөгө 2 бөлмөлүү үй, акча каражаттар берилген, 10 жыл болуп калды окшойт, 3 эм төрөлгөн орус улутундагы үй бүлөгө үй машина берилген, аябай жакшы эсимде бар, урматуу супер инфо, кабарлап туруңуздар мамлекеттен кандай жардам болот, ошондой эле 4 5 жыл мурун төрөлгөн 4 эмден кабар алып келдиңиздерчи сураныч
+9
admin_superstan
2019-02-25 17:27:05
Paprikafm, саламатсызбы! Суроо-сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+2
Aznazalai
2019-02-25 15:27:37
Бешик боосу бек болсун
+2
BekAmir
2019-02-25 15:42:16
Омурлуу бактылуу Ата-энеси менен болушсун!
+2
Eliza-2014
2019-02-25 16:18:48
Наристелер аман болсун, бактылуу, омурлуу болушсун, аларды тапкан ата энеси аман болгула, кудайым кут кылсын, кыргыз элим кобойолу онолу онолу.
+4
Samat777
2019-02-25 17:36:53
Наристелер аман эсен чоноюшсун, апасына ден-соолук каалайм
+2
sumaika
2019-02-25 17:44:53
Аллахка шугур!!Мынча кубанычтуу кабар.Кудайым ден соолугу,омуру мн берсин.Ата-энеси балдарынын бактысына бар болсун.
+2
Tolkun555
2019-02-25 18:20:43
Омуру менен берсин.бактылуу болгула.1 миллион аялдарыбыз кудай берип 4 эмден торосо 10 миллионго жетип калат элек
+2
i1urp
2019-02-25 18:56:39
Жараткан Тенирим омур берсин. Кош жашашсын.
-1
TIMON_BERKOWITZ
2019-02-25 22:23:56
Кут болсун!
Оптом дешевле болуптур да.
0
kg.boys86
2019-02-26 01:32:20
4 жыл күтүп, 4-төрөт үйүндө, 4 наристе төрөлүптүр. Өмүрлүү болушсун. Балдардын апасы жакшы болуп, наристелерин бооруна кысып жүрсүн.
0
Busi06
2019-02-26 03:23:39
Ушунусунада шугур го, бирок 2уул 2кыз болуп калганда андан да. Соонун бт экенле э))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан