Бишкекте ачылган Кыргыз-Түрк достук ооруканасын 3 жыл эки тарап башкарат, андан кийин башкаруу Кыргыз тарапка өтөт

Бишкек шаарында ачылган Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасын 3 жыл эки өлкө биргеликте башкарат. 3 жылдан кийин оорукананы башкаруу укугу Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин отурумунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

"Мунун баары макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу Кыргыз тарапка биротоло өткөрүлөт. Өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жылда Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жүргүзүлүп турат. Анда медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 орун бар.

Ошондой эле эки тараптын макулдашуусунун алкагында мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарын башкаруудагы жана каржылоодогу жаңы принциптер менен программаларды өткөрүп берүү, жыл сайын 20 кыргыз дарыгерди Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралат. Ал эми бөлүштүрүлө турган стипендиант-студенттердин саны эки тараптын ортосунда сүйлөшүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат", - деди Чолпонбаев.

Отурумдун жүрүшүндө "Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашуу жөнүндө" ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан