Сот-укуктук реформа боюнча эксперттерден турган 8 топ иш алып барат

Бүгүн, 25-февралда сот-укуктук реформалар боюнча жумушчу эксперттер тобу талкуу өткөрүп жатат. Аталган жыйынды президенттик аппарат уюштурган.

Анда сот реформасы боюнча кеңештин мүчөсү Гүлмира Маматкеримова учурда жасалып жаткан сот реформасы Кыргыз мамлекетинде буга чейин бир дагы жолу болбогонун айтты.

"Учурда эксперттердин 8 жумушчу тобу түзүлдү. Алгач сот-укуктук реформалар тууралуу иш парламентке жүктөлгөн. Бирок аны Жогорку Кеңеш аткара алган жок. Алар ишти президенттик аппаратка жөнөттү. Ошол себептен бул ишти президенттик аппарат өз колуна алып, аткара баштады", - деди Сыдыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан