Ошто коомдук транспорттор жол кирени электрондук билеттер аркылуу кабыл ала баштады

Бүгүн, 25-февралда Ош шаарында коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирди.

Мэриянын маалыматына караганда, учурда шаардагы №1 багытындагы троллейбустар электрондук билеттерди кабыл ала баштады. 3-мартка чейин троллейбустун №2 багыты, ал эми март айында коомдук автобустарда ишке берилет. Автоматташтырылган системдер толук режимде иштеп, ар бир жүргүнчү борбордук тейлөө аркылуу көзөмөлдөнүп турат.

"Билеттер Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде сатылат. Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт. Карта менен төлөгөндө жол акысы өзгөрбөйт. Ардагерлер бекер жүрүшсө, окуучулар 1 сомдон, ал эми калган жарандар троллейбуска 6 сом, автобуска 8 сомдон төлөшөт. Болгону картаны сатып алгандан кийин анын балансын толуктап туруу керек. Учурда электрондук карталардын балансын толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулду. Жакында ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу балансты толуктоо киргизилет", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2019-02-25 16:47:22
аа тузук тузук, онугот деген ушу
+4
mir996
2019-02-25 18:10:21
Жакшы жанылык,бирок ошол карталардын аталышын кыргыз тилинде жазып чыгарса болбойт беле
+6
shergazy9
2019-02-25 20:35:44
Келгиле,кыргыз тилинде деген хештег жарыялайбыз,мумкун ондоп калаар
+3
Samash-87
2019-02-25 21:28:03
Элкарта деп атагыла менин сунушум
+1
futboler
2019-02-25 21:59:05
Унаа картасы деп койгула
+1
Chungyz
2019-02-26 03:08:19
Секин озгорот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан