Астротөлгө: 26-февралда төрөлгөндөр сезимтал жана назик болушат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

Бул күнү жарыкка келгендер коомго пайдасын тийгизүүнү каалаган, ошол эле учурда сезимтал жана назик келишет. Кыялдары, элестетүүсү көкөлөп учуп турат, ошентсе да жөндөмүн, талантын керектүү багытка буруп, ийгилик жарата алышат. Бир нерсени жасаардан мурун анын аткарылышын, жыйынтыгын ойлонуп анан иш баштайт.

Ар кандай көз караштагы адамдар менен тил табышып, бардык тараптан карьера куруп кетүүгө жөндөмдүү. Ден соолугуна абдан кам көрүшөт. Жакындарында көйгөй жаралса алар менен кошо кайгырып, колунан келсе жардамын аябайт. Бирөөлөрдүн ийгиликке же материалдык байлыкка жетишине түрткү болушат.

Токтоо, тынчтыкты сүйгөн, сезимдерин башкара билген бул адамдар кээ бир жагдайларда чечкинсиз, сабырсыздыгын көрсөтүп коюшат. Көпчүлүктүн арасында көз жаздымда калууну каалашпайт, ошондуктар бардык адамдар менен тил табышып, алардын көңүл борборуна болууга аракет кылат.

Сүйүү жаатында түгөйүнө карата түшүнүү менен мамиле кылып, романтик, берешен жана коргоочу болушат. Төп келген түгөйүн жолуктурса бекем үй-бүлө курушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан