Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште унаа жолдордун абалы, реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы боюнча маселе комитет жыйынында каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоордун демилгечиси - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети.
Баяндамачы катары Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов чакырылган. Комитет жыйынында мындан сырткары дагы бир катар маселелер каралат.