Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Дастан Бекешев.
"Бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондуктан келишимдерди азыртан узартуу зарыл. Акыркы мезгилде атайын кызматтар терроризм менен экстремизм коркунучтарын мисал тартып, коопсуздук маселесин көтөрүүдө. Албетте, коопсуздукту унутпоо зарыл, бирок мыйзамдарды либералдаштыруудан да коркпош керек. Мындай катташуулар өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.
Мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган. Бирок депутаттардын демилгеси менен анын мөөнөтү 2025-жылга чейин деп сунушталды. Ошондой эле 55 өлкөнүн тизмесинен 3 өлкө - Болгария, Румыния, Кипр алып салынды.