Өлкө аймагындагы 31 калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде өлкө аймагындагы 31 калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

"Мыйзам долбооруна ылайык, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа, Учкун, Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз жана Узун-Булак, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият, Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш, Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок, Өрнөк, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш, Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конуштарына, жалпы алганда 31 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда", - деди Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев.

Өкмөт өкүлүнүн маалыматына ылайык, аталган калктуу конуштардын тургундарынын жыйындарында ал конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдер кабыл алынган.

Бул чечимдин негизинде жергиликтүү кеңештер, мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиянын отурумунда каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан