Жалал-Абад. Шаардагы мектептерге 18 мугалим жетишпейт

Жалал-Абад шаарында 2012-2013-окуу жылында орто мектептерде 15871 окуучу билим алса, 1054 мугалим иштеген. Маалыматты 24-июлда шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Чырмаш Дооронов айтты. Айтымында, жалпы республикалык тестирлөөдөн мыкты балл алып, артыкчылык аттестатына талапкерлер арасындагы сынактан 22 окуучу ийгиликтүү өтүшкөн. Ошондой эле 9-классты бүтүргөндөрдүн ичинен 97 окуучу өзгөчө үлгүдөгү күбөлүккө ээ болушту. Ал эми 2012-2013-окуу жылында мектептерди оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 1 342 900 сом, жергиликтүү бюджеттен 1 740 600 сом бөлүнгөн. Ата-энелер фонду тарабынан 1 519 400 сом, демөөрчүлөр тарабынан 543 500 сом жана долбоорлор аркылуу 13 215 232 сом бөлүнгөнү айтылды. Дооронов кошумчалагандай, жаңы окуу жылына шаарга 18 мугалим жетишпейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан