Бүгүн, 26-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна алынган кымбат баадагы унаалардын алынышы боюнча депутат Абдывахаб Нурбаевдин протоколдук тапшырмасы каралды.
Жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев министрлик тарабынан Дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен алыскы райондорго барып кызмат көрсөтүүгө 6-7 орундуу унаа суралганын айтты.
"Тез жардам" унаасын сатып алууну сунуштаганбыз, бирок "Тез жардамга" башка долбоор менен унаа каралып жатат деген жооп болду. Андыктан сөз болуп жаткан унаалар мыйзам чегинде келди", - деди Чолпонбаев.
Депутат Нурбаев 6-7 орундуу деп суралган автоунаа жип унаасына "айланып" кеткендигин, медицина тармагындагы кемчиликтерди көрүп-билип туруп, министрдин мындай кадамга баргандыгын сынга алды.
Комитет мүчөлөрү алынып калган кымбат баалуу автоунаанын натыйжалуу пайдалануу жагын өкмөткө тапшырууну сунуш кылышып, чечим кабыл алынды.
Мындан сырткары, Дүйнөлүк банк тарабынан берилген гранттык каражаттын пайдаланылышын текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу, саламаттыкты сактоо министрин ээлеген ордунан бошотуу сунуштары дагы айтылды. Комитеттин айрым депутаттары министрдин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек деген ойлорун билдиришти.