6-кабаттан боюн таштаган кыздын үй-бүлөсүнүн жашоо-шарты текшерилүүдө

Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан өмүрүн кыюуга аракет кылып, боюн таштаган кыздын үй-бүлөсүнүн жашоо-шарты текшерилүүдө. Бул тууралуу Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Динара Асанова билдирди.

Анын айтымында, учурда кыздын абалы жакшырууда.

"Кыз эмнеге окууга барбастан бала багуучу болуп иштеп жүргөнүн териштирүүдөбүз. Бирок мындай кадамга барышына эмне түрткү болгонун өзүнөн сурай элекпиз. Азыр ага психологиялык жактан жардам керек. Качан гана абалы турукташканда маалыматтар такталып айтылат. Биздин кызматкерлер үй-бүлөсүнүн жашоо-шартын текшерип жатышат", - деди Асанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан