19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.
Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жооп берди.
Эл өкүлү бул маселени буга чейин да жыйында көтөргөнүн белгиледи.
“Ушундай маселени буга чейин эле көтөрүп чыккам. ЕАЭБдин курамындагы 5 өлкөнүн укуктары бирдей болушу керек. Бирок чындыгында көрүп жатабыз, кээде Кыргыз өлкөсүнө Орусия, Казакстан тараптан туура эмес мамиле көрсөтүлүп жатат. ЕАЭБге өтүү баары бир терс таасирин берет. Учурда башка өлкөлөр да бул курамга кирсек кандай болот деп карап жаткан кези. Мисалы, ошол эле Тажикстан "биз курамга кирсек, бизге ушундай мамиле жасалбайбы?" деп ойлонууда. Биз бирдиктүү союз кылып жаткандан кийин бири-бирибизге бут тоспой чогуу иштешибиз керек. Чындыгында тыюу салган ЕАЭБге туура келбейт, аларга тыюу салууга негиз да болгон эмес. Казак тарап биздин өлкөдөн барган продукция санитардык жана фитосанитардык нормаларга жооп бербейт деп билдиришти. Чынында биздин лабораториялардын сертификаттарын алар кабыл алышпайт, ушунусу жаман. Алардыкы туура, биздики туура эмес болуп калууда, бирок бул нерсенин өзү туура эмес. Эмне себептен биздин лабораториялар уруксат бере албайт десек, алар бизге уруксат бербей жатышат дейт. ЕАЭБдин инспекциялары келип "бизге Казак тарап каршы болуп жатат, ал эми Орусия колдоп жатат" дешти. Бул жерде менин оюмча саясат эле, саясий мамиле. Биздин экономика жагынан артта болгонубуз аларга ыңгайлуу болуп жатат", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, экономист Улук Кыдырбаев, фермер Манас Саматов, коомдук ишмерлер Эмил Үмөталиев жана Базарбай Мамбетовдун жообу төмөнкү шилтемеде.