Экономист Улук Кыдырбаев: "ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер ортосунда чек ара ачык болушу керек"

19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.

Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна экономист Улук Кыдырбаев жооп берди.

Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда кызматташуу тыгыз болуп, бири-бирине колдоо көрсөтсө жакшы жыйынтык бермек деген пикирин билдирди.

“Казакстан Кыргыз мамлекетинин айыл-чарба продукцияларынан жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган коркунучтар чыгып жатат деген себептерди айтышууда. Биздин азык-түлүк атайын бир белгиленген шарттарга жооп бербей жатыптыр. Негизинен ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттер ортосунда ачык чек ара болушу керек. Чыгарылган продукциялар биримдиктин ортосунда эркин өтүүсү, жарандардын кирип-чыгуусунда дагы эркиндик болушу зарыл. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда тыгыз катышуу болуп, сырттан келген атаандаштыктарга тоскоолдук кылып, бири-бирибизге, биримдиктин ичиндеги ишкерлерге колдоо көрсөтсөк жакшы болмок”, - деди Кыдырбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, фермер Манас Саматов, коомдук ишмерлер Эмил Үмөталиев жана Базарбай Мамбетовдун жообу төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан