Фермер Манас Саматов: "ЕАЭБдеги мамлекеттер ортосунда укуктук жактан теңдик жана тең ата болуп сүйлөшө турган механизм жок"

19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.

Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна фермер Манас Саматов жооп берди.

Ал бул маселе 6 жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын айтты.

“ЕАЭБге киргенибиз эч кандай экономикалык долбоор эмес, муну саясий долбоор деп айтсак болот. Орусия менен Казакстанга кандай чечим керек болсо, каалаган учурда кабыл ала беришет. Себеби укуктук жактан теңдик жана тең ата болуп сүйлөшө турган механизм жок. Кыргыз мамлекетинин үлүшү өтө аз. Ошондуктан бул көрүнүш токтобойт, кайталана берет. Москва менен Астана кандай чечим кабыл албасын, биз аларга баш ийип жашоого мажбурбуз. Ошол себептен мурдатан ойлонуп биримдикке кирбешибиз керек болчу. Эгерде Европадан жаңы айыл-чарба техникасын алып келейин десең бажы бөгөттөрү жол бербейт. Биз техниканы дагы Орусиядан алышыбыз керек. Анткени келишим ушундай түзүлгөн. Бирок Орусияда жаңы технология, жаңы техника жок. Учурдагы картошканын маселеси кичинекей жарааттын бир жарылган учуру”, - деди Саматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, экономист Улук Кыдырбаев, коомдук ишмерлер Эмил Үмөталиев жана Базарбай Мамбетовдун жообу төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан