19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.
Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна коомдук ишмер Эмил Үмөталиев жооп берди.
Ал алгач Казакстан Кыргыз жеринен айыл-чарба продукцияларын ташып кирүүгө эмне үчүн тыюу салганын аныктоо керек деген пикирин айтты.
"Депутаттар тыюу салуунун себептерин, алар канчалык орундуу экенин тереңирээк изилдесе жакшы болмок. Негизги кеп ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн кызматташа алабы же жокпу дегенинде эмес, бул бирикме шашылыш түзүлгөнү маалым. Түптөлүп жаткандагы максаты деле Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жооп бербейт эле. СССР маалындагы ойлорго карата мажбурланган биригүү болгон. Ошондуктан бул уюмдун келечеги кыска. ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн бири-бири менен болгон тирешүүсүн көрүп жатабыз. Чек ара ачык болушу керек дешкен, бирок Беларусь менен Орусиянын ортосундагы чек ара бир тараптуу жабылып калганын көрүп жатабыз. Казакстан менен Орусия ортосунда дагы кайсы бир продукциялар боюнча, күйүүчү майларды Казакстанга алып кирүүгө тыюу салынып жатат. Бүгүнкү күндөгү абал - бирикмеге кошулгандыктын натыйжасы. Өкмөт баары бир жолдорду издеп, дипломатиялык канал менен элдин, экономикабыздын кызыкчылыгы үчүн аракеттерди көрө бериши керек", - деди Үмөталиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, экономист Улук Кыдырбаев, фермер Манас Саматов, коомдук ишмер Базарбай Мамбетовдун жообу төмөнкү шилтемеде.