19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманын киргизилүүсүнө тыюу салган. Буга картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгону айтылган. Кыргыз дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштерди сата албай жатканы бир канча убакыттан бери талкууланып келет. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөнү менен жыйынтык чыга элек. Кыргыз мамлекети ЕАЭБге мүчө болгону менен, чек аранын жабылышы, азык-түлүктөрдүн артка кайтарылышы сыяктуу көрүнүштөр болууда.
Ушул маселеге байланыштуу SUPER.KG порталынын "Казакстан Кыргыз жеринен айыл чарба продукцияларын ташып кирүүгө салган тыюусун ала элек. Өкмөт ЕАЭБдеги өлкөлөр менен тең ата иштеше албай жатабы?" деген соболуна коомдук ишмер, мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов жооп берди.
Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен тең укуктуу өнөктөш болгонубуз үчүн алар менен бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек деген пикирин айтты.
"Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен болгон соода-экономикалык маселелерибизди биздин Экономика министрлиги чечиши керек. Тилекке каршы, Олег Панкратов ал маселелерди чече албай жатат. ЕАЭБде да биздин өкүлдөр бар. Алар эмне кылышты билбейт көрүнөт. Бүгүн эле өкмөт башчы ЕАЭБдин экономикалык комиссиясынын жыйынына катышты. Ал аталган маселени көтөрдүбү же жокпу белгисиз. Негизги маселе - бизден чыккан товарларды кошуна өлкөлөргө эркин чыгарып сатуу. Бул нерсе ишке ашпай жатат. Экономика, Айыл-чарба министрлигинде күнөө көп. Дыйкандар картошка, кант кызылчасын өстүрүп, чет өлкөлөргө сата албай калышууда. Биздин органдардын өкүлдөрү эмне деген карантин экенин иликтеши керек. Казакстан, Орусия, Өзбекстан сөз үстүндө эле жаап коюп жатат. Биздин алар менен тең укукта сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эмне үчүн Казакстан тарап Киров суу сактагычын башкарабыз деп жатышат? Ошолордун баарын аныктай турган биздин органдарыбыз, соода-экономикалык маселелерди караган комиссия бар. 2001-2006-жылдары Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы соода-эконмикалык маселелерди чечип келгенбиз. Биз тең укуктуу өнөктөшпүз. Алар менен бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүбүз керек", - деди Мамбетов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Дастан Бекешев, экономист Улук Кыдырбаев, фермер Манас Саматов, коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин жообу төмөнкү шилтемеде.