Суусамыр деп укканда дароо эле жайлоо, кулундарын ээрчиткен үйүр жылкылар, ат чаап жүргөн балдарды элестете берем. Бирок жаз келгени, календарда эле мезгил алмашканы болбосо, учурда бул аймакта кыштын кыраан чилдеси экенин көрүп келдим. Кардын калыңдыгы бир же бир жарым метр. Аппак кар баскан Суусамыр айылына кирип бара жатканда күн ачык болсо да суук, муздак шамал. Жергиликтүү ат минген тургундар сууктан сактаныш үчүн бет кап кийип алышканын кезиктиресиң.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылы алгач 1992-1995-жылдары Нарын облусуна караса, андан соң Чүй облусунун аймагына карап калган. Калкынын саны 3 миң кишинин тегерегинде. Борбордон 160 чакырым алыстыкта жайгашкан айыл 4500 метр бийик чокулар менен курчалган. Аппак кар баскан бул аймакта жаз мезгилинде деле кар кетпей турарын кабарлашты.
Суусамыр айыл округуна кирген Кожомкул айылында жайгашкан Кааба уулу Кожомкулдун музейин сыртынан көрүп, ал эми 1924-жылы Тыйта уулу Чаргынбай баатыр каза болгондо эстелик катары орноткон Кожомкул баатырдын көтөрүп койгон ташын көрдүм. Салмагы 690 килограмм. Чаргынбай баатырдын күмбөзүнө кирип куран окуп чыкканга жетиштик...
Мындай саякаттар, тоолор, Кыргыз жеринин кооз жайларын тартып сиздерге сунуштап турууну улантабыз.