ЭЛДИК КАБАР: "Ноокаттагы паспорт столдун кызматкерлери элге корс мамиле кылат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы паспорт столдун кызматкерлеринин элге жасаган мамилесине нааразычылыгын билдирди.

"Райондук паспорт столдо иштегендер жарандарга өтө корс мамиле кылат экен. Паспорт алыш үчүн кайсы документтерди чогултуу керектиги боюнча маалымат алуу да кыйын. Мекеменин ичи тар болгондуктан кезек күткөн адамдар тыгылып турушат. Мындай нерсе бир эле паспорт столдо эмес, Ноокат районунда кайсы мамлекеттик мекемеге кирбе баарында ушул көрүнүш. Мамлекет ушундай мекемелерге шарт түзүп берсе жарандарга ыңгайлуу болмок", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ноокаттагы паспорт берүүчү жайдын кызматкерлери элге корс мамиле кылат" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2019-02-26 22:54:18
Просто Ужаас..
+2
raykray
2019-02-27 08:03:20
Баары жокто ушунда1 корунуш.паспортту каалагандарына сатып кооп калышкан. КАДАМЖАЙ))!
+2
Jasa
2019-02-27 16:04:33
2016 барганда ушул абал болчу,чон атасы сатып бергенсип керсейишет,бир нерсе сураштан тартынасын,корс аябай,бир текш ерип келишсе жакшы болмок
0
farida.kg.1991
2019-02-27 16:27:55
Бардык жерде ушундай.биз день да ушундай
0
Aziat25
2019-02-27 23:59:29
Паспорт столдогулар өзү тойгозду, элдин кыжырын келтирип. Бирок ишенген чиновниктерден реакция болбосо. Бекер сөз болуп кала берет экен.
Аа шоордуу эл ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан