ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Ак аюулардын эл аралык күнү

Бүгүн, 27-февраль - ак аюулардын эл аралык күнү.
Бул күндү белгилөөнүн максаты - ак аюулар тууралуу маалымат таратуу жана аларды коргоо керектигине коомчулуктун көңүлүн буруу. Уюлдук аюулардын эл аралык майрамында экологиялык жана жаратылышты коргоо уюмдары түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Орусия, Норвегия, Канада, Гренландия жана Америка кошмо штаттары (Аляска) майрамды чоң деңгээлде белгилейт.
2008-жылдын май айында АКШ бул жаныбарды "Кызыл китептеги" жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдүн катарына кошкон. Маалыматтарга караганда, Арктикадагы муздардын эриши 2050-жылда ак аюулардын үчтөн эки бөлүгүнүн жок болушуна алып келиши мүмкүн. Чоң уюлдук аюулардын салмагы 350дөн 550 килограммга чейин жетет. Ал эми тарыхтагы эң чоң деп катталган ак аюунун салмагы 1 тоннаны түзгөн. Ургаачы аюулардын орточо салмагы 150дөн 300 килограммга чейин болот.
27-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан