Айыл чарба министрлиги: "Өткөн жылы 300 тонна биопахта чет өлкөгө сатылды"

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Зиядин Жамалдинов: "Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан органикалык азыктардан кайсылар сыртка чыгып жатат?" - деген суроо узатты.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев: "2018-жылы өлкөдөн 300 тонна биопахта чыгарылган. Негизинен дүйнө жүзүндө таза органикалык продукция кымбат турат", - деп билдирди.

Ошондой эле өкмөттүн өкүлү органикалык айыл чарба продукцияларынан биопахтага суроо-талап бар экенин кошумчалап, Баткендин өрүгү, Ысык-Көл аймагынан дары чөптөргө да суроо-талап болуп жатканын белгиледи.

"Өлкөдө өндүрүлгөн эт бул тизмеге киреби же кирбейби?" - деди депутат.

"Бүгүнкү күндө толук кирбейт жана органикалык деп эсептелбейт. Ал үчүн малдарга эч кандай дары сайылбай, алар эч кандай химиялык кошулмалары жок жем жана экологиялык жактан таза чөп жеши керек. Өлкөдөгү малдын эти антибиотиктер колдонулгандыктан органикалык продукцияга кирбейт. Бирок мал этин толугу менен органикалык продукцияга киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр жана бир катар стандарттар бар", - деди Айыл чарба министрлигинин өкүлү.

Парламентте өлкө аймагынан кайсы органикалык азыктар экспорттолуп жатканы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан