Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мыйзам долбоору органикалык айыл чарба азыгын өндүрүү, анын сертификатын, укуктук негиздерин, ички рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарын түзүү максатында бул чөйрөдө пайда болгон мамилелерди жөнгө салууну аныктоого, Кыргыз Республикасынын калкынын органикалык айыл чарба азыгына болгон керектөөсүн канааттандырууга, ошондой эле анын экспортун жогорулатууга багытталган.
Депутат Махабат Мавлянова: "Мыйзам долбоору күндүн талабы, бирок азыркыдай редакциясы менен монополияга жол берилет", - деди.
"Мыйзам кабыл алгандан кийин аны аткарылышына тиешелүү шарттар даярбы?" - деди Мирлан Бакиров.
Өкмөттүн өкүлү мыйзамдын дароо ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн сертификат берүүчү мекемелер, бул багытта өкмөттүн токтомдору сыяктуу укуктук-ченемдик актылар даяр болушу керектигин айтты. Анын айтымында, өндүрүлгөн продукцияларды органикалык деп таануу үчүн сертификат берүүчү мекеме, тиешелүү лабораториялар керек.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев: "Бүгүнкү күндө 7 миӊ 785 гектар жерге органикалык айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүп жатат. Кара өрүк, Баткен өрүгү, пахта, дары чөптөр органикалык жактан таза делип, экспорттолуп жатат", - деди.